- Солтон-Сарыдагы эл менен кытайлык компаниянын ортосундагы маселени кантип чечиш керек? Өкмөт дагы бир жолу алсыздыгын көрсөттүбү?

- Элге жакшы мамиле кылыш керек, эл менен иштеш керек, элге чындыкты айтыш керек. Лабораториялык анализдерди алып, элдин өкүлдөрүнө көрсөтүш керек. Чындыгында эле зыян зат бар болсо, анда тез арада токтотуш керек. Азыр малга эле зыян болуп жатат, адамга болгон, боло турган зыянды 10 -20 жылдан кийин эмне болот, аны биздикилер тактай албайт. “Мал өлсө, өлсүн, эл кырылса, кырылсын - алтынды алалы, чет элдиктер менен бөлүп, жеп алалы”- дейт бийлиги бар айрымдар. “Мен бийликте иштеп турганда байып алайын”- деген түшүнүктө. Ар бир зыян болгон кенди иштетпеш керек. Кийинки таза муун, жаңы технология менен иштетет.

Булак: “Майдан. kg” гезити