- Солтон-Сарыдагы эл менен кытайлык компаниянын ортосундагы маселени кантип чечиш керек? Өкмөт дагы бир жолу алсыздыгын көрсөттүбү?

- Мамлекеттик башкаруу системасында бир көйгөй жаралды, бул “башаламандык” деген көйгөй. Бийликтин алсыздыгы, кырдаалды билбегендиги, көзөмөлдүн колдон чыгып кеткени даана эле көрүнүп турат. Солтон- Сарыдагы маселе да буга мисал, бул чатак бир күндө эле чыга калган жок да. Жергиликтүү жетекчилер, өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри буга чейин да барып, элди угумуш, маселени чечимиш болгон учурлар болду. Бирок, көйгөйдү чечүүдө чечкиндүүлүк, элди ынандыруу чеберчилиги жетишсиз болуп жатат. Ошон үчүн кечээги элдин нааразычылыгы чоң чатакка айланып кетти.

Облустун жетекчисинин эл менен жолуккан диалогун да соцсеттен көрүп турдук, тажрыйбасыздыгын даана эле байкаса болот, элди ынандыра албай, маселени чечүүдө бир да аргументи жок, куру убаракерчилик менен эле алектенип жатканы байкалып турду.

Өкмөттүн алсыздыгы, мыйзам бузууларга жол бериши, акыры мына ушундай хаоско алып келмек, элдин бийликке нараазычылыгы күн сайын өсүп баратканы жакшы эмес. Мындай кен казуу чырлары бүткүл Кыргызстан боюнча четтен чыгат.

Ушул жагдайды эске алып, тез арада Өкмөт бардык кен казуу маселеси боюнча ревизия жасап, мыйзамсыз тоо-кен иштериндеги алешемдиктерге мораторий жарыялап, тартипке келтирүү ишин колго албаса, абал курчуп кетиши толук мүмкүн.

Өкмөттүн чабалдыгы эл менен алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгү, элде маалыматтын жетишсиздиги да ушул чырга алып келип койду.

Ташбараң менен маселе чечүү, бул элдин да айласыздан акыркы кадамдары болуп калды. Андыктан, бийлик бул маселеде кайдыгерлигин көрсөтүп, реакция кылбаса, эртеңки абал мындан да курчуп кетиши турган эле иш.

Булак: “Майдан. kg” гезити