Бул тууралуу мурунку президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге айтты.

 

Ал айлана караңгы болгонун кошумчалады. «Кайып кеттиби же тийдиби мен билбейм. Бирок, эч кимге тийбегидей кылып аткам. Кийин менин тарапташтарыма күнөөнү илип койбосун деп ачык айтып жатам», -деди ал.

 

Алмазбек Атамбаев баардык куралдарды топтоп, үйүнүн 3-кабатына коюп койгонун айтты. «Эл баарын тапшырды, биз эч кимдин колуна курал бербейбиз», -деди ал.

 

Эске салсак, кечээ кечке жуук мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

 

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

 

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

 

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

 
    
https://24.kg/kyrgyzcha/125788/