Бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган «Талибан» кыймылынын жоочулары Ооганстанда президенттик шайлоонун өтүшүнө каршы чыгышты.

Талиптер мамлекет башчысын шайлоону «убакытты жана каражатты бекер коротуу» жана «карапайым калкты алдоо» деп атаган. Кыймыл жоочулары жарандарды шайлоо үкөктөрүнөн оолак жүрүүгө чакырган.

Талиптер Ооганстанды «чет өлкөлүк күчтөр басып алды, өлкөнү ошолор көзөмөлдөп жатат деп эсептешет. Кыймыл шайлоо уюштурууга каршы чабуул жасалышы мүмкүн экенин эскертти.

Ооганстандын Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын билдиришинче, өлкө жашоочулары бийликти күч менен басып алгысы келгендерди колдобойт. «Шайлоо – бийликти тынч жол менен тапшыруу. Өкмөт бул саясий иш-чараны өткөрүүдө коопсуздукту камсыздашы керек», – деди комиссиянын басма сөз катчысы Мухаммед Хакпараст.

Көптөгөн саясий күчтөр менен талапкерлер талиптердин опузасын олуттуу кабыл алышкан жок. Шайлоого ат салышып жаткан азыркы президент Ашраф Гани ооган эли талиптерге тизе бүкпөй турганын маалымдады. Анын айтымында, жоочулар акыркы парламенттик шайлоодо дагы ушул сыяктуу коркутууларга барган.

Ооганстанда президенттик шайлоо 28-сентябрга белгиленген.