Ушу тапта ал Кой-Ташта турган 300дөй тарапкеринин алдында сүйлөп жатып "Форумдан" кийин Ак үй алдына барышарын, бул митинг мөөнөтсүз болорун билдирди.

 

7-августта Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. Ал 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаев түрмөдөн мыйзамсыз бошонуп кетишине байланыштуу буга чейин үч жолу ИИМге суракка чакырылган. Бирок өзү милициянын бул аракетин мыйзамсыз деп атоодо.

 

Жалпысынан кечээ күнкү окуяда жабыркаган элүүдөй адам ооруканага кайрылган, алардын тогузу амбулатордук дарыланууда, бирөө каза болуп калды. Каза болгон адам күч органынын кызматкери экени белгилүү. 

 

"Азаттык"