Элдик трибуна

- Атамбаев маселесине байланыштуу “сатып кетти, саткын” – деген тема абдан учурлаш болуп калды… Анткени Атамбаев жана анын командасы ушул темада кызылкулактык кылышып, Президент Жээнбековго “саткын” деген жарлыкты жабыштыруунун аракетин аябай эле катуу кылып жатышат… Ошол себептен улам бул маселе боюнча калыс пикир айтууга туура келип жатат.

Биринчиден, Атамбаевдин “сатып кетти” деп Жээнбековго айтып жатканы бет тырмарлык, муну биз так кесе эле айтуубуз зарыл. Анткени, Атамбаев өзү “досум” деп айтып жүргөн Сооронбай Жээнбековду эки айрылыш жолго кептеп койду, ал “досунун” сөзүн угуп, анын айтканы менен болсо анда өлкөнү, элди, мамлекеттик кызыкчылыкты саткан, аларды жеке кызыкчылыктар үчүн курмандык кылган болмок, мындай кадам анан абийирине, ыйманына туура келбеди, ошондуктан ал өлкө тарабына ыктап, “досу” Атамбаевге кескин түрдө “ЖОК” деп айтты. Бул саткындык эмес, бул ЭРДИК. Ал эми Атамбаевдин арам оюн жакында эле СДПК партиясы өзү тастыктап салбадыбы – “биз Жээнбековду жетелеме, өз ою жок, чабал президент болот деген ой менен алып чыгып, колдоо көрсөткөнбүз”- деп. Көрсө Жээнбековду жандалбас уруп колдошконунун сыры ушул жакта экен да. Атамбаев деле “жаңылып калыптырмын” деп атпайбы, көрсө ошол “жетеленме” деп жаңылганын айтып жаткан турбайбы ал дагы.

Экинчиден, Атамбаевдин өзү “сатып кетти, саткын” деп айтууга эч кандай моралдык укугу жок. Анткени бул маселе боюнча анын өзүнө толгон токой суроо бар.

Мисалы:

- 2006-жылдагы ноябрь митинги курчуп, аянтта эл кайнап турганда ал жерден Атамбаевди таппай калып, анан анын Бакиевдин кабинетинин кабылдамасында отурганын угуп шок болушканын ошол окуянын катышуучулары айтып да, жазып да жүрүшөт. Ушундан улам “ким саткын?” деген суроо табигый түрдө эле жаралат.

- 2007-жылы Кулов, Текебаев, Сариев, Субаналиев, Эшимканов жана башка лидерлер башында турган оппозициялык күчтөр биригип, Элдик фронт түзүп, апрель айында борбордук аянтта мөөнөтсүз митинг өткөрүп жатканда, “көпүрө боло калам” – деп Бакиевге бара калып, өкмөт башчысынын кызматына дайындалып, анан митингди күч менен кубалап, ал жердеги боз үйлөрдү таш талкан кылып талкалап, элди койго теңеп шылдың кылып сүйлөгөн ким эле? Албетте Атамбаев болчу. Анан ким саткын?

- 2010-жылы декабрь айында СДПК партиясына берилген башкаруучу коалиция түзүү укугунан пайдалана албай, түзө албай шалдырап отуруп калганда “Республика” партиясы коалиция түзүп, түзмөк тургай Өмүрбек Бабанов лидерликти банкрот болуп отурган Атамбаевке берип, аны Өкмөт башчысы кылып дайындаганын да эл билет. Ошол учурда Өкмөт башчысы болуп бийликке илешпей калса кийинки 2011-жылы Атамбаевдин президент болоорун ким билет эле… Ошо боюнча жээкке сүрүлүп кала берүүсү да мүмкүн болчу. Эми ошентип жол бошотуп берген Бабанов эмне болду, аны болбогон шылтоо менен куугунтуктап, элге жарыя кылып “шестерканын орду түрмөдө” деп кыйкырган ким эле? Албетте Атамбаев. Ошондо ким саткын?

- Ошол 2010-жылдын декабрында Бабанов өзү Атамбаевге жол бошотуп берип жатканда аны колдошуп, кол алышып, “өткөн-кеткенди сууга салышалы, өлкө үчүн биргелешип кызмат кылалы” деп колдоп кетишкен, андан кийин 2011-жылы президенттик шайлоодо да колдоо көрсөтүшкөн Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаровдордун тагдыры эмне болду? Аларды ким түрмөгө каматты? Албетте Атамбаев. Ошондо ким саткын болот?

- Атамбаевди этегине калкалап, ар кандай татаал саясий кырдаалдарда калкалап, сөз тийгизбей жүрүп президент кылган Роза Отунбаева экенин саясатка аралашкан дагы, аралашпаган да киши билет. Аны Атамбаевдин өзү деле айткан (видеосу азыр деле бар ютубда). Кийин “төө кыядан өткөн соң” дегендей кылып Роза Исаковнанын кадырын тепсеп, өзүн жок кылуунун аракетин кылган ким? Албетте Атамбаев. Анан ким саткын?

- 2010-11-жылдары Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү дээрлик толугу менен Атамбаевди колдоп, аны лидер катары президенттикке көрсөткөнү тарыхый чындык, ошол учурдагы кырдаал ошондой болчу. Анан эмне болду? Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө карата Атамбаев кандай гана кыянаттыктарды жасабады, Текебаев, Чотонов түрмөдө отурат, Дүйшөбаев, Каптагаев, Сариев, Бекназаров, Өмүркуловдорду камоонун аракетин кылды… Бул эмне саткындык эмеспи?

- 2010-жылы Апрель революциясында эл “үй бүлөлүк-кландык” башкарууну жок кылабыз, коррупциянын тамырын кыркабыз деп көтөрүлгөн… Ошол учурда шейит кеткен, кийин жаракаттын азабынан каза болгондордун саны 130га чукулдап калды… Ал эми Атамбаев эмне кылды? Ар кандай саясий оюндар менен бийликти узурпация кылып басып алды, кландык башкарууну кайра орнотту, коррупцияны ого бетер өстүрдү… Бул эмне саткындык эмеспи? Революциялык идеяларды, шейиттердин канын сатты да Атамбаев.

- Эми болсо “мамлекетти тоотпойм, мыйзамды тоотпойм, атышам, тытышам” - деп Кой-Ташта корбашы болуп отурат. Бул да саткындык. Атамбаев Кыргыз мамлекеттүүлүгүн сатып жатат, укуктук тартипти, мыйзамдуулукту садага чаап жатат өз керт башынын кызыкчылыгы үчүн.

Ошондуктан, урматтуу замандаштар, өлкөнүн, элдин кызыкчылыгы, мамлекеттин келечеги үчүн жоопкер бололу, ким айтса дагы Атамбаевдин “сатып кетти, саткын” деген сөздөрдү айтууга укугу жок экендигин так айталы, Атамбаевдин саткындыгы, саясий бет тырмарлыгы өз башы менен кетсин дейли.

Булак: "Майдан.kg" гезити