Урматтуу кыргызстандыктар!

Урматтуу кыргыз элим!

 

Мен ушул жылдын апрель айында да өлкөдө түзүлгөн оор кырдаалга байланыштуу сиздерге кайрылуу жасап, абдан оор кырдаал жаралып, туңгуюктун сазына улам тереңдеп кирип баратканыбызды айтып, бийлик башындагыларды, экс-президентти токтоолукка, акылдуулукка чакырык таштаган элем. Кечээки Кой-Таштагы окуядан кийин жүрөгүм ооруду, тынч гана четте карап тургум келбейт!

 

Мен ошол кайрылуумда, карапайым адамдар, аксакалдардын кайрылууларын негиз катары алып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун саясий тирешүүсүн токтотуусун өтүнгөн болчумун. Сооронбай Жээнбековдун президент болгонуна 1,5 жыл болсо, анын баары мына ушул тирешүү менен өтүп, бул коомдук-саясий аба ырайын гана бузбастан, өлкөнүн өнүгүү темпине тескери таасир тийгизип келди. Жаңы президент айласыздан убактысын эски режимдин ээлери менен күрөшүүгө коротуп, эл күткөн өзгөрүүлөрдү, реформаларды ишке ашырууга убактысы аз болуп жатат. Дал ошондуктан, эки президенттин саясий тирешүүсү коомду экиге бөлүп, тынчтыкты бузуп, саясий кырдаалды кескин начарлатып келгенин ачык айтууга туура келди. Эсиңиздерде болсо, мен мурдагы жана учурдагы президенттердин саясий тирешүүсү чоң жаңжалга алып бара жаткандыгын эскерткем. Бул апаатты биздин сөздү кулактарына салса, ошондон эле токтотуп калышса болот эле. Азыр да кеч эмес! Президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаев саясий тирешүүнү жана массалык маалымат каражаттары аркылуу элдин бүйүрүн кызыткан саясий кайым айтышуусун токтотуп, элдин келечегин ойлонушу зарыл.

 

Өзгөчө эске салчу жагдай – ачыктан-ачык элди экиге бөлүү менен түндүк-түштүк картасын алып чыгуу да өтө коркунучтуу оюн. Бул оюндун автору тирешүүнүн кайсы тарабы экенин эл абдан жакшы сезип жатат. Карапайым кыргыз эли эч качан бөлүнгөн эмес! Андыктан, мындай сасык саясатты дагы токтоосуз түрдө токтотуу зарыл, мен мындай оюнду кескин түрдө айыптайм! Ушул картаны колдонуу менен максатка жетүүнү козгогон адамдар мыйзам алдында жооп берүүсү кажет!

 

Кой-Ташка экс-президентти кармоо үчүн барган атайын кызматтын кызматкерлерине элди тукуруу экс-президентке абийир алып келген жок. Ошол эле учурда, өз элине күч колдонуу тактикасына өткөн бийликтин дагы кадыры көтөрүлүп кеткен жок. Бул жагымсыз окуялардын азабын эл гана тартууда. Азыртан айтып коеюн, саясий тирешүүнүн азыркы оор абалга кептелишине эки тарап тең күнөөлүү!

 

Андыктан, бийлик башындагыларды, экс-президент Алмазбек Шаршеновичтен мурда мен өтүнгөн болсом, азыр токтоосуз түрдө бул тирешти токтотууну талап кыламын. Бузуку күчтөр ушуну эле күтүп жатат, алардын чырагына май таамп, өлкөнү бөлүп-жарууга сонун шарт түзүп берип жатасыңар! Эгерде сиздерде акылдуулук жок болуп, муну уланта берсеңер, ачыгын айтып коеюн, мен да элимдин тынчтыгы үчүн күрөшкө чыгам. Анткени, мага Кыргызстанымдын тынчтыгы керек! Бул байлыкты сактоо, кармап туруу ар бирибиздин милдетибиз!