Сот залынан
Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча соттук иштер аягына жакындап баратат.
ЖЭБдин 30 пайызын модернизациялап, электр энергияларын өндүрүү 120 мегаваттка көбөйтүлгөндүгү үчүн 386 миллион доллар жумшалгандыгын жакшы билесиздер. Тажикстан, Армения, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттерде мындан кыйла аз каражаттарга жаңы ЖЭБдер курулгандыгы жөнүндө көп айтылды, жазылды. Ал эми биздин Атамбаев башында турган мамчиновниктер үстөктөрү менен 500 миллион доллар болуп кайтарылып бериле турган каражатка эски ЖЭБдин 3/1не жакынын гана оңдоп, жабдууларын жаңыртышса, алары да бир кышка туруштук бере албастан “кылымдык авария” жаралгандыктан мурдагы президент А.Атамбаевдин,азыр абакта отурган С.Авазов жетектеген “Электр станциялары” ААКсынын ТВЕА менен түзгөн ЕРСтик келишиминин жыйынтыктары текшерилип, тескелип, Башкы прокуратура онго жакын мамчиновникке, анын ичинде эки экс-премьер-министрге аны ишке ашырууда 111 миллион долларды уурдоого жол беришкендиги жөнүндө айып таккан.
Бишкек ЖЭБи эки жылдан кийин токтоп калабы?
Учурда карата тизмеге киргизилген 80ге жакын күбөлөрдүн жарымы суралды. Мурда айтылгандардан сырткары үрөй учурарлыкайрым жаңы фактылар ачыкка чыгууда. Маселен, ЖЭБдин азыркы директору Андрей Воропаевдин көрсөтмөсүнө ылайык, жумушчу комиссия ЖЭБ модернизациялангандан кийин 600гө жакын кемчиликти аныктаса, алардын 570тен ашыгы оңдолуп, түзөтүлүптүр. Бирок 26 дефект алиге чейин четтетилген эмес. Алар ЖЭБдин күндөлүк үзгүлтүксүз иштешине гана эмес, келечегинетүздөн түз байланышкан олуттуу кемчиликтер. Эгерде алар четтетилбесе, ЖЭБдин негизги түйүндөрүн капиталдык түгүл, мезгилдик ремонттон чыгарганга да болбой калат. Алсак, директордун ырастоосу боюнча, от жагуучу цехтин жүк көтөрүүчү механизмдери, жаңы блоктордун деталдаштырылган доолбоорлук чиймелери жок. Ал эми деталдаштырылган долбоорлук чиймелерсиз эч ким аларды мезгил-мезгили менен ачып, жөнгө салып, оңдоп-түздөй албайт. Элестүү айтканда, автоунаага мурдагысынан таптакыр башкачажаңы моторкойгондой эле нерсе. Алиштеп жатканда өзгөчөлүктөрү билинбейт, байкалбайт, бирок бир жери бузулуп калса, аны чыгаргандардан башка эч ким оңдой албайт.
ТВЕА орноткон жаңы блокторду биздегилерден эч ким билбейт, үйрөнөлү дешсе, деталдаштырылган чиймелери жок экен. Блокторду башкарган иштердин баары компьютерлештирилген, ЖЭБдин жергиликтүү персоналы аларды да үйрөнө албай жатышыптыр. Азыр жергиликтүү кадрларыбыз жөнөкөй буу казандардын технологияларын эмес, андан татаал нерселерди ийгиликтүү өздөштүрүшүүдө, самолётторду, тик учактарды, кемелерди деле башкарышууда. Бирок, эмне үчүн эки жылдан бери ТВЕАнын адистери блоктордун деталдаштырылган чиймелерин бербей, жергиликтүү адистерди компьютерлештирилген системаны башкарууга үйрөтпөй жатышат? Бул атайылап алдын ала ойлонулуп, пландаштырылган, Кыргызстандан узак убакыттарга чейин каражаттарды соруп турганга ылайыкташтырылган экономикалыкдиверсия эмеспи? Эгерде кытайлык адистер кетип калгандан кийин блоктордун бири бузулса, же компьютердик башкаруу системасы оюн көрсөтө баштаса, ЖЭБдин ал акыбалы кандай болот?
Анда ЖЭБдин модернизацияланган бөлүгү иштебей токтоп калат. Аны иштетүү үчүн Кыргызстан ТВЕАдан чоң-чоң акчаларга адистерди чакырууга же айрым түйүндөрүн алмаштырууга аргасыз болот. Кыргызстанды 2040-жылга чейин башкарууну пландаштыргандар ЖЭБди оңдойбуз, түзөйбүз, ага адистерди чакырабыз деген шылтоолор мененошол убакытка чейин кошумча кирешелерди алып туруу үчүн жогорудагыдай кырдаалды атайылап түзүшкөнбү? Болбосо эмне үчүн эки жылдан бери ТВЕА тарабынан маанилүү түйүндөрдүн чиймелери берилбей, жергиликтүү персонал ЖЭБдин компьютердик системасын башкарууга үйрөтүлбөй, маанилүү жерлерге негизги механизмдер орнотулбай жатат?
Иши кылып жакынкы кыштарда борбор калаадагылар 2017-жылдын январындагыдай катаклизмдерге туш болушпаса экен. Анткени, анда иштегендердин айтымдарында ЖЭБдин модернизацияланган бөлүгүнөн жогорудагылардан башка да дефекттер чыгып жатыптыр.
Карама-каршы көрсөтмөлөр эмнеге көбөйүүдө?
Маалымдалгандарга караганда, акыркы убактарда айыпталуучулардын, күбөлөрдүн арасында мурдагы ырастагандарына каршы көрсөтмө бергендер көбөйүп жатыптыр. Маселен, ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу Осмонбек Артыкбаевге жана башка фигуранттарга, ал эми ЖЭБдин мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков Айбек Калиевге каршы берген көрсөтмөлөрүн өзгөртүштү. Айтмакчы, АШАнын аяш баласы Айбек Калиев ТВЕАдан жол тандабас унааны 10 миң долларга сатып алып, аны кайра 23 миң долларга саткандыгы аныкталды. Ортодогу 13 миң доллар кыйыр түрдө берилген пара эмеспи? Муну да тактап, тастыктоо керек.
Айрым күбөлөр ЕРСтик келишимди ратифакациялоону шаштырышкандарды, түздөн-түз көрсөтмө бергендерди эстей албай кыйналышууда. Азыркыдай шартта, соттук кароо создуктурулган сайын мурдагы көрсөтмөлөрүнөн баш тарткандар, билгендерин да ачык айткысы келбей куйтулунгандар көбөйө беришин бөркүбүздөй көрсөк болот. Анткени, Кой-Ташта АШАнын “концерттери” көбөйгөн сайын кокус эртең анын ыкыбалы үстөмдүк кылып кетсе, “абалымды азыркыдан да оорлотуп, биротоло чыкпас жакка кирип кетпейин. Андан көрө...”- деген ойдо жүрөксүп, олку-солку болгондордун, билгендерин да жашыргандардын сандары артат. Ал негизинен мыйзам ченемдүү көрүнүш. Антип кылымдык иштин каралуусун создуктуруп, үзгүлтүккө учуратпоо үчүн, деги өлкөдөгү укуктук системаны укуктук жолго түшүрүү үчүн биринчи кезекте, мыйзамдуулукка ачыктан ачык түкүрүп, кармалгандардын тилдерин моралдык, психологиялык жактан байлап, айрымдарына фактыларды танганга, бурмалаганга дем, шык берип жаткан АШАга карата мыйзамдуу чаралар көрүлүүсү зарыл. Анабашыга мыйзамга ылайык тийиштүү чаралар көрүлмөйүнчө, катардагылардын кылтыңдагандары кылтыңдаган. Андай көрүнүштөргө чек коюлбаса, кылымдын аферасы деген соттук кароолорду айрымдаркылымдык фарска айландырып жиберүүлөрү да ыктымал.
Бетти даярдаган Автандил Белеков
Булак: "Майдан.kg"