"Кыргызстандын эл аралык деңгээлде уят болушу көнүмүш адат болуп калды",-деди саясатчы Адахан Мадумаров.


Ал Атамбаевди кармоо операциясын коштогон окуя тууралуу пикирин билдирди. 


Мадумаров бир канча убакыт мурда коомчулукка жана бийликке кайрылуу жолдогонун эске салды. Айтымында, ошондо анын сунушуна   көңүл бурушканда азыркыдай окуя болмок эмес. 


"Мен кыргыз интеллигенциясы, аксакалдар чыгып, "Боткону экөөңөр чалдыңар, эми аралашпай тургула", - деп элдик өкмөт курап, баарын калыс иликтеп чыгуулары керек эле. Тилекке каршы, кацдыгерлик орун алды", - деди Мадумаров.