80 пайыз күч түзүмдөрүнүн курамы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тымызын колдошот. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтына «Элдик парламенттин» өкүлү Бекболот Талгарбеков бөлүштү.

 

- Атамбаев президент болуп турганда, бардык өзүнүн ресурстарын күч блокторуна жана сот системасына багыттап, айлыктарын көтөрүү менен квартираларды берди, - деди ал. - Алар аны эстен чыгарышпайт, ошондуктан, ага колдоо көрсөтүшөт. 

 

Талгарбеков Молдовановка айылындагы колонияга барып келгенден кийин, ушундай жыйынтыкка келген. ЖАМКнын бир кызматкери мурдагы президенттин анын кесиптештеринин арасында чоң атакка ээ экендигине ишендирди.

 

- Мен кызыгып калдым жана эмне үчүн алар Атамбаевди колдошот деп сурадым, анда алар, Атамбаев айлык акыны көтөргөндө, Жээнбеков 500 сомго кайра түшүрүп койду деп жооп беришти, - деп түшүндүрдү   «Элдик парламенттин» мүчөсү. 

 

Бекболот Талгарбеков күч органдарынын өкүлдөрү  «бийликтин чечимдерине саботаж жасоо менен» Атамбаев жана Жээнбеков саясий жарышында биринчиси утуп чыгат деп баса белгилейт. 

 

Саясат таануучу Марат Казакпаев мындай пикир менен макул эмес. Эксперт эч кандай саботаж болушу мүмкүн эмес, себеби, күч органдары толугу менен Сооронбай Жээнбековго баш ийет деп ишенет. 

 

- Чындыгында эле, Атамбаев башкарып турган маалда квартира берилип, айлык акылар көтөрүлгөн, - деп белгиледи ал Vesti. kg сайтына. - Бирок, бардык күч органдары президент Жээнбековго баш ийишет. Алар буйрук менен жашашат жана эч кандай саботаж болушу мүмкүн эмес.

 

Эльдос Казыбеков
Булак: vesti.kg