Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведов Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн 9-августта Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Россиянын өкмөтүнүн маалымат кызматы жарыялады.
Анда айтылгандай, жолугушуунун күн тартибинде Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык алака-катыштын актуалдуу маселелери, ЕАЭБдин алкагындагы улуттук жөнгө салууну өнүктүрүү маселелери бар. Приоритеттүү көңүл буруу Биримдиктин жалпы каржы рыногун формировкалоого жасалат. Ошондой эле өнөр жай жана санарип экономикасы жаатындагы перспективалуу демилгелер каралат.