Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү Тажикстанда башталып, анан Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантылып, жыйынтыкталды.
- Эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бүтүндөй комплексин активдештирүү боюнча жетишилген макулдашууларга биз чын ниеттен кубанычтабыз! Биз Кыргыз-Тажик чек арасын делимитилациялоо жараянын тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк. Ал эми чек ара боюнча ишти “Жөнөкөйдөн татаалга карай”, өз ара урматтоо принциптерин бекем тутунуп, бири-бирибиздин кызыкчылыктарыбызды катуу эске алуу менен жүргүзүүнү гана макулдаштык. Биз ошондой эле аймактык жана эл аралык проблематикалар, мунун ичинде Кыргызстан менен Тажикстан маанилүү роль ойногон аймактагы суу-энергетикалык маселелер боюнча дагы ачык пикир алыштык. Бул контекстте Кыргызстан сууну пайдалануу проблемаларына глобалдык деңгээлде дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча Тажикстандын жаратман саясатын жогору баалайт жана колдойт,- деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмондун колдоосу аркасында чек ара боюндагы аймакта тарыхый жолугушуу өткөндүгүн кошумчалады: - Биздин эгемендик тарыхыбызда мындай боло элек болчу. Биздин жолугушуу эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө ана кеңейтүү боюнча мындан аркы чечкиндүү аракеттерге бекем таяныч болуп берет деп бекем ишенем!
Президент Эмомали Рахмон Кыргызстанга келүүгө чакыргандыгы үчүн Сооронбай Жээнбековго терең ыраазылыгын жашырган жок: - Меймандос Кыргыз жергесинде жолугуп жатканыбызга мен абдан кыбанычтамын! Бул жолугушуу Кыргыз-Тажик күн тартибиндеги олуттуу маселелер боюнча биздин ортобуздагы конструктивдүү диалогду улантууга жакшы мүмкүнчүлүк жаратты. Биз Кыргызстан менен болгон тыгыз өз ара аракеттенүүн туруктуу өнүгүшүнө абдан кызыкдарбыз! Анткени, биздин өлкөлөр ортосундагы ынак кошуналык мамилелерди ырааттуу бекемдөөгө чоң маани беребиз. Тажикстан мындан ары карай дагы Кыргыз Республикасы менен саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди тереңдетүүгө даяр экендигин дагы бир жолу тастыктайт.
***
Тажикстандын Ворух айылдык Кеңешининин жана Кыргызстандын Баткен районундагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн чектешкен жеринде коңшулаш өлкөлөрдүн лидерлери Эмомали Рахмон жана Сооронбай Жээнбеков жетектеген делегация эки өлкөнүн жергиликтүү калкы менен бетме-бет жолугушту.
Жолугушуу маалында эки өлкөнүн жетекчилери ушул тапта тынчтыктын жана өз ара келишүүнүн абдан маанилүүлүгүн баса белгилешип, кылымдардан бери калыптанган достукту мындан ары дагы ыраттуу улантууну, ар кандай талаш-тартышты сүйлөшүү аркылуу жөнгө салууну макулдашышты.
Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Тажикстан менен бир туугандык мамилесин дагыле урматтай тургандыгын ачыктады: - Албетте, чекара аймактарында жашагандардын көйгөйүн биз абдан жакшы билебиз. Ошондуктан, буларга заманбап шарттарды жаратууну баштадык. Ал эми жаралган маселелерди биргелешип чечүүгө гана ыктадык. Анткени, биздин чекараларыбыз достуктун, тынччылыктын жана жакшы коңшучулуктун гана чекарасына айланууга тийиш! Бул жерде чечилбеген маселе болууга тийиш эмес! Ошондуктан, чекараны делимитацилоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комисссиянын ишин актидештиргенибиз оң!
***
“Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаал менин туруктуу жеке көзөмөлүмдө турат”,- деп ишендирди президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Ак-Сай айылында Баткен облусунун кыштактарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда. Мамлекет башчысы аксайлыктар менен Тажикстандын Исфара шаарына сапарлап бара жатып жолугушту.
Президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарына, Куралдуу күчтөргө, бардык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилгендигин дагы эске салды: “- Тажик тарап менен биргеликте көрүлгөн ыкчам чаралардын жыйынтыгында гана кырдаал азыр кыйла эле турукташты. Баткен облусунун чек ара аймагына Ички иштер органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кошумча күчтөрү дагы жиберилди. Өткөндөгү Сиздер менен жолугушуудан кийин бул иш ыкчам түрдө аткарылгандыгын көрүп турасыздар. Эми чек ара аймактарын көзөмөлдөгөн патрулдук иш туруктуу негизде гана жүргүзүлөт. Чек ара толугу менен биздин көзөмөлдө болуп турат”.
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Аскер кызматчыларынын жана Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин саны чек арага жакын айылдардын аймагында бир кыйла көбөйтүлгөндүгүн дагы ачыктады:
“- Сиздердин коопсуздугуңуздар жана өлкөбүздүн кызыкчылыктары, албетте, мындан ары дайыма биринчи планда болот. Азыркы учурда бардык чек ара маселелерин чечүү боюнча иштерди активдүү жүргүзүп жатабыз. Мен, өкмөт жетекчилери - Тажикстандын жетекчилери менен туруктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кечээ эле Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр жана айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан жумушчу кеңешме өткөрдүм. Кеңешменин жыйынтыгында жакынкы убакта социалдык жана инфратүзүмдүк обьектилердин курулушун баштоо боюнча чечим кабыл алынды”.
Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын август айында өрт жана куткаруу кызматтарын жайгаштыруу үчүн имараттардын курулушу аяктап, эки адистештирилген транспорт берилээрин жана эки жуманын ичинде чек арага жакын жайгашкан аймактардын жашоочулары тез жардамдын жаңы автомашинасы менен камсыз болоорун дагы катуу убадалады. Ошондой эле буга чейин талкаланган Ак-Сай айылындагы көпүрө толугу менен калыбына келтирилет жана жакын арада таза суу менен камсыз кылуу үчүн жаңы насостук бекеттин курулушу башталат. Чек арага жакын жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу үчүн иш-чаралар кабыл алынат. Ошондой эле кээ бир айылдарда жаңы мектептерди куруу боюнча чечим дагы кабыл алынды.
- Социалдык маселелер дээрлик толук бойдон чечилет. Баарынан маанилүүсү - сиздерди провокаторлордун чагымчыл аракеттерине алдырбоого гана чакырам! Күч органдарынын кызматкерлери менен эриш-аркак аракет кылыңыздар? Элибиз байыртадан кең пейил, меймандос. Биз коңшу өлкө менен жакшы мамилени сактоого, бекемдөөгө гана умтулушубуз кажет! Чыр-чатактын кайсыл гана түрү болбосун, зыян гана алып келет. Сабыр күтүп, токтоо бололу? Баардык маселени чечебиз, ага убакыт гана керек! Балдарыбыздын келечеги үчүн, өлкөбүздүн болочогу үчүн - тынчтыкты сактообуз зарыл!- деп баса белгилеп, Сооронбай Жээнбеков жолугушууга келген аксакалдар менен жергиликтүү жашоочуларга кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып жаткандыгына терең ыраазычылыгын билдирди.
Булак: “Майдан. kg” гезити