1-август Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин туулган күнү. Ал эртең 70 жашка чыгат. Буга байланыштуу мурдагы президенттин бейнесине сүртүм берген тасма өлкөнүн эки телеканалы аркылуу көрсөтүлдү. Анда Бакиевдин мекен үчүн жасаган жакшы иштери чагылдырылган.
Коомчулук тасманы ар түрдүү кабыл алды. Айрымдары мурдагы президенттин жасаган жакшы иштерин моюндашса, кээ бирлери тасма Бакиевди Кыргызстанга алып келүүгө жасалган аракеттердин төлбашы катары сыпаттап жиберишти.
УКМК да тасманын жарыяланышы боюнча билдирүү таратты. Анда, улуттук коопсуздук комитети "тасманын авторлору жасаган иштеринин олуттуулугуна жана кандай кесепеттерге алып келээрине жетиштүү маани бере алышпаганын" белгиледи. Ошону менен катар аталган комитет жалпыга маалымдоо каражаттарын эл арасында чыр-чатактын жаралышына алып келчү маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырды.
Депутаттар Дастан Бекешев, Анвар Артыков жана Мирлан Жээнчороев маалымат каражаттарына тасма тууралуу пикирин билдиришип, бир ооздон аны эфирден кетирген телеканалдарды жоопко тартуу керектигин айтышты. Алардын пикиринде, мындай тасма коомчулуктагы дестабилизацияга алып келет. Саясий кырдаал курчушу ыктымал.
Бирок, ошол эле учурда дагы бир мурдагы президент Алмазбек Атамбаев учурдагы бийликке касын тиге баштаган күндөн тартып, анын менчигиндеги "Апрель" телеканалы чагымчыл материалдарды байма бай таратып келгенин эч кими эстеген жок. Кыргызстанды экиге бөлүп, түштүк-түндүк маселесин көтөрүүгө чейин жеткен ачык материалдар телеканалдын эфиринен дээрлик күн сайын кетип жаткан чакта да депутаттар гана эмес, УКМК да үн чыгарбаган. Коомчулуктагы каршылашуудан, ынтымактын ыдырашынан саксынган комитет жана эл өкүлдөрү эмнеге "Апрель" мурдагы президенттин саясатын каалагандай жүргүзүп берип жаткан чакта көрмөксөн, билмексен болуп четте турган?
Курманбек Бакиев Кыргызстанды беш жыл башкарган. Бийликтен кантип кеткенин эмес, ал башкарган беш жыл ичиндеги алдыга жылууларды, жаңычылдыкка умтулууларды эске алганда, тарыхта ал кандай болгон күндө да Кыргызстандын президенти катары калганы анык. Жакшы иштерди жарыялоонун эмнеси жаман?
Саясат - саясатчылар үчүн. Бийлик талашуу, тартып алуу, тартып алуу үчүн ар кандай шылтоолорду, жаманатты кылган маалыматтарды таратуу - саясатчылардын негизги иши. Ал эми карапайым элге кайсы президент болбосун, анын тушунда жасалган жакшы иштер гана маанилүү.