- Ноокан райондук акимчилгинин жыйындар залында өткөн  жолугушууга Бүргөндү жана Масы айылдарынан келишкен беш-алты адам таптакыр киргизилген жок. Паспортубузду көрсөтсөк дагы, күзөтчүлөр "Тизмеде жок экенсиңер!" деп бизди сыртка сүрүп чыгарып салышты. Мен Тоскоол-Ата айылындагы жолдун акыбалы боюнча спикерге кайрылуу үчүн  келгемин. Парламент төрагасы шайлоочулар менен жолугууну каалагандан кийин баарына тегиз болушу керек эле... - деп тызылдады  Ноокен районундагы Сакалды айылынын тургуну, “Алаш Ата” лагеринин директору Акрам Сакиев.

 

Бирок, Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабековдун маалымат катчысы Элвира Темир эл менен жолугушуу үчүн алдын ала тизме түзүүгө спикердин таптакыр тиешеси жоктугун жана мындай болушу дагы мүмкүн  эместигин ачыктады: “- Биз Ноокен районуна ар бир каалоочунун үнүн угалы деп гана барганбыз”.

 

Ошентип, кечээ Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков Ноокенде 200дөн ашуун адам катышкан гана жолугушуу өткөрдү. Буга дейре Майлуу-Суу шаарындагы электр лампа заводунун абалын көрүп,  шаардыктар менен жеринде кездешкен. Спикерди бир топ депутат жана Өкмөт өкүлдөрү коштоп жүрүшөт.

 

Бүгүн спикер Ошто сапарлап жүрөт.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз