Кыргыз Республикасынын Президенти
Сооронбай Шарипович Жээнбековго
Урматтуу Кыргыз элине
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын башкы сөзүндө - укуктун үстөмдүгүн камсыздоо менен социалдык адилеттикти, теңдикти, элдин экономикалык бакубатчылыгы менен жыргалчылыгын жана руханий өнүгүшүн өргө сүрөөгө умтулуп, ата-бабаларыбыздын тынчтыкта жана ынтымакта жашоо, табият менен таттуу мамиледе болуу жөнүндө айткан ыйык осуятын туу тутуп, ушул Конституцияны кабыл алганбыз деп таасын жазылган. Ал эми Конституциянын 60 - беренесинде:
“Президент мамлекет башчысы болуп саналат.
Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат”- деп так жазылган. Ошондуктан, Урматтуу Сооронбай Шарипович, Сиз мамлекет башчысы болгондуктан, Журт башы катары республикабыздын баардык жарандарынын эркин укугун жана коопсуздугун камсыздандыруу боюнча гарант болуу - ыйык вазыйпаныз деп билебиз!
Биз, жети дубандын коомчулугунун аксакалдары, республикабызда түзүлгөн учурдагы терс кырдаалга өтө тынчсыздануудабыз. Сизден суранаарыбыз, учурдагы кырдаалды оңдоо үчүн, тез арада улуу жоопкерчилик менен баардык аракеттерди колдонуп, Журт алдында берген антыңызды адилеттүү аткаруу менен, мыйзамдуулукту туу тутуп, араздашкан тараптардын мүдөөсүн укук талаасында каралышына гарант болушуңузду терең ишеним менен күтөбүз.
Урматтуу Президент!
Сизди жалпы эл чоң үмүт менен шайлаган. Сиздин таянаар тооңуз - Кыргыз элинин ишеними! Мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн мыйзамдуу чечимиңизди жалпы эл колдойт! Үчүнчү төңкөрүшкө элибиз жол бербейт!
Кыргыз Рөспубликасынын мурдагы Президенти Атамбаев Алмаз Шаршеновичке да кайрылуубуздун себеби бар.
Жогоруда биз белгилеп кеткен Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы алгачкы сөздөрү, Сиздин Президенттик мөөнөттү өтөп турганда, (КР 2016-жылдын 11-декабрындагы бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынып, ошол кездеги Жарлыгыңыз менен жарыяланган. Сиз Президент болуп турган учуруңузда коомчулук алдына байма-бай чыгып, баарыбыздын даражабызга, кызматыбызга жана улутубузга карабай, кабыл алынган баш мыйзам менен жашоону үндөп, ишендирип эле келбей, укук багытында талап кылып келгенсиз. Демек, эл журтка арткан ишенимиңиз бүгүнкү учурда тагдырдын таразасына кабылып, сыноого тушуккан тагдырыңызды сабырдуулук менен кабыл алып, жеке укугуңузду мыйзам аркылуу коргоп алууңузду эл талап кылууда. 2011-2017-жылдардагы Сиздин бийлик учуруңузда саясий куугунтуктан жапа чегип, азап-кордук тарткан кыйла мамлекеттик, коомдук ишмерлердин, ММК өкүлдөрүнүн толук акталышы дагы эле күн тартибиндө көйгөйлүү маселе боюнча калууда.
Учур Сизди оор сыноодон өткөрүүдө. Сиздин мыйзамга көрсөтөөр урматыңызды элибиз ишеним менен күтөт. Эл ишенимин актасаңыз, мыйзамды барктайсыз. Ал эми биз - коомчулуктун аксакалдары, Сизди дагы мыйзам чегинде жеке укугуңузду коргоп алууга аракет кылууга чакырабыз.
Учурга жараша жалпы коомчулукка да кайрылабыз. Себеби, жакынкы эле тарыхыбызда, мамлекетибиздеги эки ыңкылап аралыгында, мыйзамдар иштебей калгандыктан, талап-тоноо бүлгүнчүлүк башталып, башаламандыктан далай адамдар өмүрүнөн ажырады. Ата-энелерин боздотуп, туугандарын сыздатса, үй-жайын таштап качып-озгондор көбөйүп, саясий-экономикалык жана социалдык каатчылыктарга кабылып, кыйла кыйынчылыктарды башыбыздан өткөргөндүгүбүз баарыбыздын эсибизде.
Кайрылуубуздун жыйынтыгында, Жараткандан жумурай журтубузга ырыс-ынтымак, бакубаттыкты тилейбиз!
“Калыс Ордо” жыйынынын жалпы катышуучуларынын макулдугу менен. (Жыйындын катышуучуларынын тизмеги тиркелет.)
Жыйындын төрагасы О. Шаршенов
Катчысы Ж.Турганов
Бишкек шаары 11.07.2019 ж.
11.07.2019
“Калыс Ордо” ынтымак тегерек столунун катышуучуларынын тизмеси
|
№ |
Аты жону |
Ээлеген кызматы |
Областы |
|
1. |
Жумагулов Апас |
Экс премьер министр |
Чуй |
|
2. |
Шаршенов Ормон |
Модератор |
|
|
3. |
Осмоналиев Каныбек |
Олимпиада Оюндарынын Чемпиону, Москва |
|
|
4. |
Кучуков Самарбек |
«Кыргызстан» эс алуу үйүнүн директору |
|
|
5. |
Кубатбеков Курман |
Генерал-майор |
|
|
6. |
Адылов Жыргалбек |
КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси |
|
|
7. |
Чыныбаев Адамкалый |
Коомдук ишмер, генерал-майор, Бажы кызматы |
|
|
8. |
Алымкулов Карыпбек |
Академик, профессор, техника илимдеринин кандидаты |
|
|
9. |
Мадылбеков Туратбек |
КР Жогорку Кенешинин депутаты |
|
|
10. |
Рыскулов Уран |
Коомдук ишмер |
|
|
11. |
Актан Арым Кубат |
Кинорежиссер |
|
|
12. |
Эралиев Замир |
Кинорежиссер |
|
|
13. |
Турганов Жылдызбек |
Модератор |
Жалал-Абад |
|
14. |
Абдраманов Калдарбек |
Профессор, кардиохирург |
|
|
15. |
Караев Жоомарт |
Коомдук ишмер |
|
|
16. |
Сыдыков Бакыт |
Комдук ишмер |
|
|
17. |
Айсариев Ильясбек |
Коомдук ишмер |
|
|
18. |
Шерматов Бактияр |
Ишкерлер ассоциясынын торагасы |
|
|
19. |
Жоконов Токтосун |
Коомдук ишмер |
|
|
20. |
Ырысов Кенешбек |
Профессор, нейрохирург |
|
|
21. |
Кармышаков Сапаш |
КР аксакалдар комитенинин мучосу |
|
|
22. |
Жолдошбаев Асылбек |
Жеке ишкер |
|
|
23. |
Калбаев Кубаныч |
«Курманбек» коомунун торагасы |
|
|
24. |
Мамкулов Расул |
КР эмгек синирген артисти |
|
|
25. |
Энназаров Санжар |
Жеке ишкер |
• |
|
26. |
Момунжанов Ильяс |
Жеке ишкер |
|
|
27. |
Бектур Асанов |
Коомдук ишмер |
|
|
28. |
Кадыров Кубаныч |
Коомдук саясий ишмер |
Ысык-Көл |
|
29. |
Эгембердиев Омурбек |
ИИМ экс орун басары |
|
|
30. |
Борубашев Б. |
Юридика илимдеринин доктору |
|
|
31. |
Сааданбеков Ж. |
Философия илимдеринин доктору |
|
|
32. |
Сарыгулов Дастан |
Коомдук мамлекеттик ишмер |
Талас |
|
33. |
Hyp уулу Досбол |
Коомдук ишмер |
Баткен |
|
34. |
Абсатаров Абдыкаим |
Коомдук ишмер |
|
|
35. |
Талгарбеков Бекболот |
Экс вице-премьер министр |
Нарын |
|
36. |
Темиров М.С. |
«Ат-Башы» коомунун директору |
|
|
37. |
Асаналиев Малдыбай |
Коомдук ишмер |
|
|
38. |
Осмонбетов Кубат |
Мамлекеттик коомдук ишмер |
|
|
39. |
Берикбаев Доолот |
Коомдук ишмер |
|
|
40. |
Мамбеталиев Озгоруш |
Мамлекеттик ишмер |
|
|
41. |
Мамбетакунов Эсенбек |
Академик |
|
|
42. |
Токтакунов Дуйшоналы |
«Ат-Башы» коомунун башчысынын тен торагасы |
|
|
43. |
Таиров Орунбек |
Жеке ишкер |
Ош |
|
44. |
Байгазиев Кадырберди |
Коомдук ишмер |
|
|
45. |
Юсупов Рысбек |
Коомдук ишмер |
|
|
46. |
Эсенбаева Гульсана |
Ош шаарынын ардактуу атуулу |
|
|
47. |
Эсенбаев Куттубай |
Коомдук ишмер |
|
|
48. |
Жумаев Абдилабек |
Коомдук ишмер |
|
|
49. |
Борубаев Алмаз |
Жеке ишке |
|
|
50. |
Дооронов Абдулла |
Коомдук ишмер |
|
|
51. |
Сыдыков Абдыкаар |
Коомдук ишмер |
|
|
52. |
Шамшиев Болотбек |
Кинорежиссер, СССР эл артисти |
Бишкек |
|
53. |
Бакетаев Бакыт |
Саясий серепчи |
|
|
54. |
Топчубек Тургуналиев |
Коомдук, саясий ишмер |
|