Мурдагы президент кечээ, 25-июлда Мовкадагы сапарын жыйынтыктап, Бишкекке кайткан. Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, сапары ийгиликтүү болгонун белгиледи.
Жубайы Раиса Атамбаеванын эмнеге аны менен чогуу орус жергесине барбаганы журналисттерди кызыктырды.
"Мен жубайыма өлкөдөн чыгууга тыюу салынган-салынбаганын билбейм. Аны тергөө кызматтарынан суроо керек", - деди бул боюнча Атамбаев.
Эске салсак, президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берген.