Кыргызстан учурда саясий туруктуулукка муктаж, эл учурдагы лидердин тегерегинде биригиши керек. 

 

Мындай пикирин Россиянын президенти Владимир Путин айтканын РИА Новости жазып чыкты. 

 

Владимир Путин 24-июлда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди кабыл алган. 

 

"Менин позициям так белгилүү. Атамбаевге да позициямды жеткирдим. Мен Кыргызстан биздин багытташыбыз, бизге жакын жайгашкан мамлекет ички саясий толкундоолорго жетиштүү жолу кабылды деп эсептейм. Тагыраак айтканда, эки жолу. Ушул жерден токтотуу керек, элдин кызыкчылыгы үчүн деген көз караштамын", - деди Путин. 

 

Ал андан ары кыргыз элине кайрылып, учурдагы лидер Сооронбай Жээнбековдун тегерегинде биригүү зарылдыгын белгиледи. 

 

"Өлкө саясий туруктуулукка муктаж. Ошондуктан, эл толугу менен учурдагы президенттин айланасында биригип, мамлекеттик өнүгүшүнө салым кошуулары керек", - деп билдирди орус президенти. 

 

"Россиянын Кыргызстан менен кызматташуусундагы ишке ашыра турган пландары көп. Биз аны, сөзсүз түрдө учурдагы бийлик менен биргелешип аткарабыз", - деп кошумчалады Владимир Путин.