"Алмазбек Атамбаев Москвадан келгенден кийин укук талаасына кирет деп ойлойбуз", - деген ИИМ мурдагы президент суракка өзү келээрине ишеним артып жатышканын жашырышкан жок.
"Атамбаев тергөө амалдарынан күбө катары өтүшү керек. Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексинин талабы ушундай. Аны менен катар мыйзам боюнча ИИМ анын өлкөдөн чыгышына тыюу сала албайт", - деп билдиришти ИИМден.
ИИМдин билдирүүсүнө караганда, алар мурдагы президенттин кайтып келээрине ишенишет.