"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга кайтып келбесе, анда анын өлкөдөн чыгышына мүмкүнчүлүк берген ИИМ жетекчилиги мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш деген пикирин билдирди.
"Атамбаев өзгөчө оор кылмышка шектелип жатат. Ага карабай ачык эле элдик штаб түзүп, мыйзамга баш ийбестигин көрсөттү. Сооронбай Жээнбеков командасы менен туңгуюкка кептелди. Алар Атамбаевди жоопко тартуудан бир жыл кечигишти, анын "үзүрүн" азыр көрүп жатышат.
Бийлик Атамбаевдин кайтып келбешин каалашы да мүмкүн. Анткени, фанат тарапташтарынын катары күн өткөн сайын өсүүдө", - деди Шыкмаматов.
Ошону менен катар ал эгер мурдагы президент кайтып келбесе өзүн саясатчы катары жоготоорун кошумчалады.