Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-тажик чегарасындагы кырдаал боюнча пикирин билдирди.
"Азыркы бийлик өзүнүн чөнтөгүн, үй-бүлөсүн гана ойлойт, аларда өлкө тууралуу ой жок. Мен президент кезимде чегарадагы ар бир келишпестик өз убагында ийгиликтүү чечилип, Эмомали Рахмон менен демаркация жана делимитация боюнча сүйлөшүүлөр финишке жеткен", - деди мурдагы президент.
Айтымында, Курбанбай Искандеровдон ашкан чегара боюнча мыкты адисти табуу кыйын.
"Аны кызматтан кетиришти. Эмнеге? Чындыкты бетке айтканы үчүнбү? Өлкөбүздө болуп жаткан окуяларды көрүп жүрөгүм ооруйт", - деди Атамбаев.