Кой-Таш айылындагы үйүнөн мурдагы президент Москвага баруу үчүн жолго чыкты. Аны тарапташтары чогулуп узатышты.
Атамбаевдин айтымында, Москвада эки күн болот. Андан кийин Кыргызстанга кайтат. Ал жактан ким менен эмне тууралуу сүйлөшөөрүн ачыктабады.
Тарапташтары катуу даярданышты. Кичи автобуска таштарды жүктөп, желектерди салышканын айтышууда. Элдик штаб болса бийлик провокацияга баруусу мүмкүндүгүн айтып, Атамбаев "Кант" авиабазасы аркылуу жеке борт менен учаарын белгилешти.