Мурдагы президент Алмаз Атамбаев Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча берилчү суроолордун баарына жооп берүүгө макул болду. Бирок, ИИМге барбайт, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жообун узатат.
Анын адвокаты Сергей Слесарев бул мыйзамга туура келээрин белгиледи.
"Атамбаев суроолорго кат жүзүндө жооп берет. Жообун ЖМКлар аркылуу коомчулукка чыгарат. Бул Атамбаевдин коомго билдирүүсүнүн алкагында болот, сурак форматында эмес, демек мыйзам бузулбайт. Ушундай абалда ИИМ кызыктырган суроолоруна жооптуу коомчулук менен бирге алат", - дейт адвокат.