Өмүрбек Бабанов тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жакшы ой пикирин билдире баштады. Баарынан да ал "Бабановго ачылган кылмыш иши жасалма экенин мурдатан эле билген". 

 

Кечээ, 22-июлда мурдагы президент Кой-Таштагы үйүндө журналисттер менен жолукту. 

 

"Бабановго ачылган кылмыш иши жасалма экенин эбактан бери айтып келатам. Анын баары мыйзамсыз болгон. Ага каршы козголгон кылмыш иштеринин биринде Канат Исаев да фигурант болгон. Бабанов Кыргызстанга келе албай жүрөт, а Канат Исаевди бошотушту эле, ал чардап жүрөт. Бул - абсурд. Кыргызстанда учурда уятсыздардын заманы болуп жатат. Бабанов Кыргызстанга келүүгө тийиш, келсе биз аны эч ким кордотпойбуз", - деди мурдагы президент. 

 

 

2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер Өмүрбек Бабанов Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушканы ачыкка чыккандан кийин Алмазбек Атамбаев казак президентине акаарат келтирип, кыргыз-казак мамилесине жарака кеткен. Анын айынан эки өлкөнүн ортосундагы чегара бир нече күнгө жабылып, кыргыз ишкерлери оңбогондой чыгашага кептелишкен. Ал эми кылмыш ишин да Атамбаев козготкону коомчулукка маалым.