КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги коррупциялык схема тууралуу биз мындан бир ай мурда жазып чыкканбыз. Эгерде өз учурунда бул материалдар жарык көрбөгөндө, булар баарын жең ичинен бүтүрүп кете беришмек. Дал ушул бизде жарыяланган материалдар боюнча бийликтин жогорку эшалонунда катуу “разборка” болуп, жыйынтыгында тергөөгө жашыл жарык жандырышкан.

 

Ак үйдүн сүймөнчүк кадрлары кабинеттеринде акча бөлүштүрүп жүрүшөбү?”- деген материал алгач биздин сайтта, андан соң “Майдан.kg” гезитинде жарык көргөн. Кыскача сөз кылсак, Кыргызстандагы уран калдыктарын рекультувизациялоо долбоорунун алкагында “Росатом” компаниясы келишимге ылайык бөлгөн каражаттын - 60 миллион сомдун көп бөлүгү изсиз жоголуп кеткен. Долбоор МЧСтин Түндүк борборунун көзөмөлүндө ишке ашуусу керек эле. Аны жетектеп келген Асылбек Жусубалиев ортодо дайыны жок кеткен каражаттарды өйдө жактагы чиновниктерге алып барып бергенин айткан.

 

“Кыргызстандагы Кажы-Сай, Миң-Куш, Майлы-Суудагы уран калдыктарын рекультувизациялоо долбоорун мамлекет аралык келишимдерге байланыштуу “Росатом” каржылайт. “Росатомдун” генералдык подрядчиги катары РосРАО тандалып алынган. Каражат ушул компаниядан “Өзгөчө кырдаалдарга каршы чара көрүү түндүк борбору” мамлекеттик ишканасына(СЦ МЧС) келмек. Аталган ишкана ӨКМге караганы менен, өз алдынча ищ алып барарын белгилеп коюу керек. Башкача айтканда, акча каражаты орустардан борборго түз которулат. Ал аркылуу СЦ МЧС рекультувизация ишин аткаруу үчүн подрядчиктерди жалдаган: “Эрнстрой”, “Альянс Экшн”, “Азик”, “Анастрой”.  Бул аты аталган фирмаларга СЦ МЧС орустардын акчасынан 300 миллион сомдон ашуун каражатты берүүсү бардык келишимдерде көрсөтүлөт. Бирок, кыргызда кандай? “Өйдө жактан сурап атат?”- деп фирмаларга басым көрсөтүүлөр кетет. Айла жок, бербесең, ишиң чечилбейт! Жыйынтыгында, коррупциялык схемалар менен миллиондорду чыгара башташат. Айтып коюу керек, мыйзамда эч качан “чыгаша-кассалык ордер”. “доверенность” аркылуу акча алып чыгып кетүү мындай ири мамлекеттик маселеде болушу керек эмес. Акча каражаттар мыйзамсыз ушул жол менен чыгарылгандыгын айтышууда”,- деп мурда жазганбыз.

 

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, бир гана “Альянс Экшн” боюнча ошондой жол менен чыгарылып кеткен 21 миллион сом акчанын изи жок.  Келишим боюнча которушмак, бирок, “Альянс Экшн” фирмасынын мурунку директору СЦ МЧС директору Жусубалиев Асылбек менен “сүйлөшүп” алганы үчүн бул акчалар жок, демек, уран калдыктары боюнча иш токтогон. 

 

Баса белгилеп коё турган нерсе – өткөн жумада камакка алынганы дайын болгон ӨКМ башчысынын кеңешчиси Нурбек Жолборсовго байланыштуу чыр өйдөдө сөз кылган маселеге да түздөн-түз тийешелүү. Бирок, тергөө МСЧтин түндүк борборундагы каржылык жетишпестиктердин алкагында гана жүрүүдө. Ошентсе да, уран калдыктарын рекультувизациялоо долбоору боюнча да тергөө жүрүшү керек деп ойлойбуз. Себеби, ортодо ак ниеттүү подрядчиктердин бешене тер эмгеги желип кетүүдө. Андан да, бул акчалар жоголуп, иш токтоп, келечек генефондубузга терс таасир тийе турган нерсе болуп жатпайбы!

ӨКМ башчысы Нурболот Мирзахмедовдун кеңешчиси Нурбек Жолборсовго каршы “Өзгөчө кырдаалдарга каршы чара көрүү түндүк борбору” мамлекеттик ишканасынын экс-директору Асылбек Жусубалиев көрсөтмө берген. Жусубалиевди атамбаевчи Абдил Сегизбаевдин күйөө баласы дешет.

 

СЦ МСЧти текшере келишкенде 16 миллион сом каражат, 37 тонна күйүүчү май, 4 тонна А92 үлгүсүндөгү бензиндин жетишсиздиги аныкталган. Бизде жарыяланган материалдар боюнча тергөө башталгандан кийин, А.Жусубалиев тергөө менен кызматташууга барып, бул жоголуп кеткен каражатты кеңешчиси аркылуу министрге бердирткенин айтып берип, ошонун негизинде Нурбек Жолборсов камалган.

 

Нурбек Жолборсовго карата сотко чейинки өндүрүш 20-июнда ачылган. Жолборсов 6-июлда кармалган. Ишти Аскер прокуратурасы карап жатат.

 

***

 

Ачыгын айтуу керек, буга чейин коррупцияга каршы күрөш Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенге чейинки иштер боюнча жүрүп келди. ӨКМдеги чыр – С.Жээнбеков президент болгондон берки биринчи коррупциялык чатак болуп саналат. Мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөштө “дос-тууганыма, ал адамдын өлкөгө синирген кызматына да карабайм”- деп айтканы бар. Ошондуктан, МЧСтеги чатакты адилеттүү тергетип, күнөөлүүлөрдү жазалоо – президент Сооронбай Жээнбеков үчүн принципиалдуу маселе болушу керек.

 

Ошол эле кезде министр Нурболот Мирзахмедовдун эмнеге анчалык кызматына жармашып олтуруп алганы баш катырат. Себеп дегенде, министрдин “билбей калыптырмын, мага айтышканда прокуратурага материалдарды өткөзүп бергем”- деп айтканы осол иш. Ал кеңешчиси аркылуу пара алганы айтылып жаткан соң, дароо өзү отставкага кетиши керек болчу. Коомчулук ошондо туура бааламак. Кызматтан четтеп турса, тергөө да объективдүү болот эле. Тилекке каршы, биздин аткаминерлерде мындай саясий маданият таптакыр жок. Качан гана шымына чычып алышканы даана көрүнмөйүнчө же өйдө жактан “чык эшикке” деп айтмайынча креслосуна жармашып олтура беришет.

 

Уран калдыктарын рекультивизациялоо, ӨКМдин түндүк борборундагы каржылык уурулук боюнча тергөөдө министрден башка да жогорку кызмат адамдарынын аттары аталып жатканын уктук. Эмнеси болсо да, бул маселени президент өз көзөмөлүнө алып, акыйкаттуу баа бербесе – өзүнө минус болуп калышы ыктымал. Коррупцияга каршы күрөш меники же сеники дебей, баарына тегиз жүрүшү керек!