Июнь айынын баш ченинде парламент депутаттары Москвага бараары белгилүү болуп, аны “Өмүрбек Бабанов менен жолугушууга баратышат”, -  деп чечмелегендер табылган. Депутаттар бир ооздон эч кимге жолукпай тургандыктарын да айтышкан.

 

Бирок, соцтармактарга Төрөбай Зулпукаров, Канат Исаевди чогуу түшкөн, ага катар эки депутаттын Бабанов менен өзүнчө түшкөн сүрөттөрү жарыяланды. Бул коомчулуктагы ьожомолду ансайын курчутту. Сүрөттөрдөн алар бир жерде түшүшкөнү белгилүү болсо, сүрөттөрдүн соцтармакка бир убакта жүктөлгөнү да алардын жолугушканына ишенимди бекемдетти.

 Канат Исаев сүрөттүн тарыхын мындайча айтып берди:

 

“Бабанов менен жолугушканым чын. Саясат эмес, башка, жеке маселелер тууралуу сүйлөштүк. Москвага такыр башка иш менен баргам. Бабанов мекенине жүйөлүү себептер менен келе албай жатканынан улам, мен өзүм ага барып жолуктум. Анткени, мурда бир партияда болгонбуз, президенттик шайлоодо да чогуу жүрдүк”, - дейт Исаев.

 

 Ал эми Төрөбай Зулпукаров бул тууралуу үн ката элек.