Ушул жылдын июль айынын башында КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кийлигүүшүсү менен РФ ИИМдин Москва шаары боюнча аймактык түзүмдөрүнүн бөлүмү тарабынан соода менен алектенген жана эмгектенген эмгек мигранттарын опузалоого жана карактоого шектелген Кыргызстандын тургуну кармалды. Каракчылыкка шектелип кармалган жаран мурда оор кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Эмгек мигранттары Россияга үй-бүлөөсүн багып, акча табуу үчүн барышса, тилекке каршы кээ бирөөлөр башка бирөөнүн акысыз жегени барышат.

 

Ушул жылдын апрель айынын башында ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын жараны, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну кайрылып, чала тааныш адамдар тарабынан карактап кол салынгандыгы жөнүндө билдирген. “Баха” аттуу адам белгисиз бирөө менен Москва шаарынын чыгыш тарабында ишкерге күч колдонуп автоунаасына салып, тапанча менен коркутуп ири өлчөмдөгү акча каражатына ээ болушкан.

 

Жабырлануучу жарандын арызын Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча аймактык бөлүмүнө коштоп барып, аталган факты боюнча РФ Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 2-бөлүмүндө (“алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

 

Эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын ыкчам аракеттеринин натыйжасында “Баха” аттуунун өздүгү такталып, ал Ош облусунун Өзгөн районунун 1977-жылы туулган Б.К. аттуу тургуну болуп чыккан. Ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, Казакстандын аймагында адам өлтүрүү үчүн соттолгон. Андан сырткары, ал 90-жылдардын аягында жана 2000-жылдардын башында Кыргызстандын аймагында жасалган 25 кылмыш ишине тиешеси бар, анын ичинен өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянга учураткан каракчылык, 16 тоноо фактылары, 5 уруулук, 2 мал уурулук жана эркинен ажыратылган жайдан качуу. Шектүү 20 жылга жакын убактысын эркинен ажыратылган жайдан өткөргөн.

 

Ушул жылдын июль айынын башында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Москва шаарынын аймагынан Б.К. аттуу жаран кармалып, эмгек мигрантына карактап кол салгандыгы толук далилденди. Россиянын мыйзамына ылайык кармалган жаран тергөө бүткөнгө чейин Москва шаарындагы Тергөө абагына камалат.

 

Азыркы учурда кармалган жаран башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы же жоктугу териштирилип жатат. Бул тууралуу бүгүн КР ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить