“Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Текебаевге ачылган кылмыш ишине заказчик болгонун моюнуна алды”, - деп билдирди “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов.

 

Ал мурдагы президенттин Кой-Ташта журналисттерге кезектеги билдирүүсүнө пикирин билдирди.

 

 “Атамбаев мамлекет башында турганда прокурор, сотторду алмаштырган. Өмүрбек Чиркешовичти соттоо менен ал өзү отурган бутакты кыйып таштады. Эми анын “үзүрүн” көрүп жатат. Азыр көп адамдар мурдагы президентти саткынчылыктын, алдамчылыктын курмандыгындай кабыл алышып, боор толгоп жатышат. Өмүрбек Текебаев азыр парламентте отурса, Атамбаев эч убакта мындай кырдаалга кабылмак эмес. КСДП да бирдиктүү болмок, азыркыдай чачырамак, мүчөлөрү лидерин сатмак эмес. Менимче, Атамбаев да муну эң сонун түшүнүп турат. Өкүнүп да жатса керек”, - деди Шыкмаматов.

 

“Атамбаев кылган-эткенин моюнуна алымыш болгону менен Текебаевди отургузганын ачык айтууга эрки жетпеди”, - деп кошумчалады “Ата Мекен” фракциясынын лидери.