Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө журналисттер менен жолугушуусунда ага кимдер келип-кеткени тууралуу суроого жооп берди. 

 

Мурдагы президент ким келгенин ачык, аты-жөнүн айтуудан чоочулап калганын билдирди. 

 

"Мен кимдир бирөөнүн аты-жөнүн айткым келбейт. Анткени, мага Кылычбек Султан келген болчу, кийинки күнү эле аны УКМКга суракка чакырышты. Азыр бизде ушундай кырдаал болуп турат. Менимче, бул дагы эки айга созулат. Азыр саткындардын убагы. Убакыт баарын өз ордуна коет", - деди Атамбаев. 

 

Ал Болот Сүйүмбаевдин келген-келбегени тууралуу кыска гана: "Мен эч кимди кел деп чакырган эмесмин. Бул суроону ошол адамдын өзүнө бергиле", - деп койду.