Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясына кыска мөөнөттөгү иш сапары менен барып, президент Владимир Путинге жолугат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы маалымат таратты.
Анда айтылгандай, 11-июлда Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу Москва шаарында болот.
Бирок, жолугушуунун максаты айтылган эмес.
Учурда кыргыз президенти Швейцарияда иш сапарында.