Мурдагы президент тарапташтары менен жолугуу учурунда депутат Исхак Масалиевдин “Мыйзам баарына бирдей болушу керек”, - деп өзүнүн дарегине карата айтылган сынына жооп берди.
“Ал мындай сөздү азыркы бийликке жагынуу үчүн айтып жатат. Мен президент кезимде ал мага жайы боюу балык ташычу. Ишенбесеңер кайтаруучулардан сурагыла. Мен муну айтып жатканыма өкүнүп турам, анткени атасынын атын булгап атат.
Бул уят. Кээде карап туруп, биздин өлкөдө эмне деген адамдар бар деп таң калам. Кудай өзү тараза”, - деди Атамбаев.