“Штабдын максаты бүгүнкү саясий кырдаал тууралуу пикирлерди топтоо. Атамбаевдин тарапташтары партиянын, элдин атынан сүйлөп жатышат, ошондуктан штаб ачууга туура келди. Мага көбү келишип, пикирлерин айтып турушат. Анан да штабдын башкы максаты Кой-Таш тараптан провокациялардын болушунун алдын алуу”, - деди Сагынбек Абдрахманов.
Ал эми КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбүбү Кененбаева “Калыс Ордону” элдик штаб деп атоо анчалык ылайык келбешин айтат.
“Бул эл келип, саясий кырдаал тууралуу көз караштары менен бөлүшчү борбор. Штабды биздин партия ачты деп айтуу да болбойт. Бул коомчулуктун демилгеси, аны КСДП колдоого алды. Биз жакында аймактарды кыдырып келдик, кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү бизди коштоп-колдошту. Эми болсо бизге телефон чалып эмне кылуу керек, эмне болуп жатат деп сурашат. Ошондуктан, эл пикирин чогултчу штаб ачтык”, - дейт ал.
“Калыс Ордо” борбору Баят базарынын жанындагы “Көк Арт” кафесинде жайгашкан.