Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков 6-чакырылыштын депутаттары кезектеги жайкы эс алууга кеткенден кийин бул жылдагы жетишкен ийгилик, кетирген кемчиликтери тууралуу пикирин ортого салды.
Спикердин көз карашы менен караганда, коомчулуктун парламентке карата сын-пикири күчтүү болуп жатканы, бул депутаттардын мыкты иштегенинин жыйынтыгы экен. "Иштебеген адам гана жаңылбайт" деген орус элинин макалына спикер көбүрөөк таянат окшойт.
"Парламент көп иштеп жатат, ошон үчүн ага карата айтылган сын да көп", - деген спикер.
Ошондой эле ал депутаттардын санын кыскартуу демилгеси боюнча да айтып, аны колдоого алган эмес. Пикиринде, депутаттардын көп болгону жакшы, аз болуп калса мафияга айланып кетет. 120 депутатты сатып алуу кыйын, ал эми 35 депутат болуп калса кайсы бир тараптын кызыкчылыгына оңой эле берилип кетишет.
Спикер айрым мыйзам долбоорлорун кабыл алууда, кайсы бир саясий чечимдерди чыгарууда 120 депутатты деле "сатып алуу" текейден арзан экенин коомчулук эчак билип калганынан кабардар эмес окшойт.