"От менен ойногондун аягы жаман бүтөт. Мүмкүн Кыргызстан бөлүнүп кетет. Ушуну көрбөгөн бийликтин көзү сокур", - деди мурдагы президент. 

 

Ал парламент тарашы керек дейт. Мээрбек Мискенбаевдей жаштарды сактап калаарын айтты. Анын алдында Мээрбек Мискенбаев жалындуу сүйлөгөн болчу. Мурдагы президент "адамдын башкы душманы - анын тили" экенин эми гана аңдаганын байкатты. 

 

"Мен Мискенбаевден да катуу сүйлөй алам. Бирок, "сабырдын түбү сары алтын" дейт. Унчукпай эле коюу керек экен", - деди Атамбаев. 

 

Сооронбай Жээнбеков менен Абылгазиевдин колунан эч нерсе келбесин эми түшүнүптүр. Ал Кыргызстанды Сапар Исаков оңдой алаарына эми ишенип баштаптыр. 

 

"Бул бийлик күзгө жетпей өзү эле түшүп калат", - деди ал.