"Мен парламенттин чимкирик экенин билип кеткем", - деди Мээрбек Мискенбаев митингде. "Форумда" Атамбаевдин тарапташтары митинг өткөрүүдө.
"Жээнбеков кетмейинче Кыргызстан оңолбойт! Агасы, иниси, жеңеси, кудасы отурат бийликте. Булардан башка кыргыз жокпу?!" - деп кыйкырды мурдагы депутат.
"Бийлик-байлык үчүн булар коюнундагы аялын сатат! Кептин баары эң башында, Жээнбековдо турат. Парламенттин чимкирик болгонуна да ошол күнөөлүү. Өкмөттү карагылачы, эки жылда эки метр жол салган жок, эки даараткана салган жок. Жээнбековду бир жыл мурун айткам кеп учакта учкан эмес, намаз окуган эмес, андан көрө иште! Мени да камайбыз деп жатышат, камамак тургай бышырып куурдак кылып жегиле мени! Үй-бүлөлүк башкаруу болбосун дегеним үчүн мени куугунтукка алып жатышат!" - деди ал.
"Соке кетсин!" - деп үч жолу кыйкырып алып, жеңилдене түшкөн Мискенбаев бийликти сабатсыздыкка айыптады.
"Мыйзам-сыйзам дей бербей кетсин деп эле чыгалы. Алар мыйзамды түшүнбөйт, окуй алышпайт, түшүнүшпөйт! Парламентте Асылбек Жээнбеков отурат, ал жат десе депутаттар жатат, тур десе турат, чимкиригиңди тарт десе тартышат. Мен иштегем, мен билем!" - деп жаны ачыды Мээрбек Мискенбаевдин.