"Республика-Ата-Журт" партиясынын жаштар канатын жетектеп жүргөн Азамат Баяманов Атамбаевдин тушунда кыргызда дух ойгонгонун, келечекке ишеним пайда болгонун белгиледи. 

 

Баяманов сүйлөөр алдында алып баруучу: "Республика- Ата-Журттун" лидерлери келе алышпай, Азамат Баямановду жөнөтүштү", - деп айтты. 

 

РАЖдын өкүлү элди экиге бөлүүгө парламентти айыптады. "Парламент кетсин! Жээнбеков кетсин!" - деп кыйкырып да алды. 

 

"Атамбаевдин учурунда өлкөдө саясий туруктуулук орноду. Ал көп жакшы иштерди жасады, азыркы бийлик аны улантып кетүүнүн ордуна бул кишини тепкиге алып, кол тийбестигинен мыйзамсыз түрдө ажыратты. Эмнеге ушундай кезде кыргыз эли биригип, бул кишини сактап калбашыбыз керек? Алмаз Шаршеновичти камайбыз десеңер абдан жаңыласыңар, бул жерде турган кишилер аны жактагандардын бир үзүмү эле. Чокусунда тургандар келишпеди", - деди ал. 

 

Ошондой эле ал Сооронбай Жээнбековго кайрылды: 

 

"Сиз жаныңызда жүргөн досторго ишенбеңиз. Алар Атамбаевди сатып кеткендей эле, эртең сизди да сатып кетишет!" - деди. 

 

Ал Атамбаевге сатылбаганын айтты. Бирөөдөн бир сом алганы билинип калса башы менен жооп берээрин да жар салды. Андан ары Өмүрбек Бабановду мактамайга өттү. 

 

"Биз керек болсо Бабановду алып келебиз. Аны Алмаз Шаршенович да кош колдоп колдоп берет", - деди.