"Атамбаевден кийин ушундай президент келсе жакшы, келбесе биздин шорубуз", - деди депутат Асель Кодуранова Бишкектеги "Форум" имаратынын алдында мурдагы президенттин тарапташтарынын митингинде сүйлөп жатып. 

 

Ал Атамбаевдин кол тийбестигин алууда парламент мыйзамыздыкка барды деп сындады. 

 

"Алар бул кылганы үчүн мыйзам алдында жооп беришет. Атамбаевдин убагында канча мектеп салынды, а бул бийлик учурунда бир кирпич да коюлган жок. Азыр бул жакта мектеп ачтык деп мактанып атышпайбы, ал Алмазбек Шаршеновичтин кетер чагында алып келген гранттарынын акыбети", - деди депутат. 

 

"Баарыбыз бириксек, бекем турсак, биз эл үчүн, мамлекет үчүн иштейбиз!" - деп кыйкырды депутат айым.