Бишкекте "Форум" имаратынын алдында Атамбаевдин тарапташтарынын митинги болууда. Катышуучулар президент Жээнбековдун отставкасын талап кылышты. 

 

Катышуучулар сөз сүйлөп, Атамбаевдин бийликте турган алты жыл ичинде жасаган иштерин тизмелешти. Алардын айтымында, мурдагы президент Кыргызстанды көтөргөн. Ал бийлик жүргүзүп турган кезде түндүк менен түштүктү бириктирген жолдун курулушу башталган. 

 

"300 миң жылда курулбаган жолду Атамбаев алты жылда ишке ашырды. Ал жол курулса Оштон Нарынга алты саатта жетсе болот. Ушундай жолду курган адамды кантип элди экиге бөлүп жатат дешет?" - дешти. 

 

Ошондой эле, мурдагы президенттин убагында күч түзүмдөрү күчтөнгөн, коррупцияга каршы күрөш аеосуз жүргөн, жаштарды бийликке алып келүү өкүм сүргөн. Кыргызстан укуктук талаага кайтып келген. Кыскасы, бир сөз менен айтканда өлкөдө кандай жакшы көрүнүш орун алса, анын баары Атамбаевдин калыс бийлик жүргүзүүсүнө таандык.