Бишкектеги "Форум" имаратынын алдында митинг болуп жатат. Митингди КСДП партиясы уюштурду. Ага мурдагы президент Атамбаевдин тарапташтары катышууда.
Катышуучулар президент Жээнбековдун отставкасын талап кылышып, "Жээнбеков кетсин!" - деп кыйкырышты.
Депутат Ирина Карамушкина "оппозициянын чыныгы лидери - Атамбаев", - деди.
Анын пикиринде, эл ынтымакта болбосо бүгүн Атамбаевдин башына түшкөн кырдаал эртең башкалардыкына да түшүп калышы толук мүмкүн.
"Биз бирдиктүү болушубуз керек, болбосо эртең ар бирибизди камашат. Биз таза бийлик, мыйзамдуулук үчүн күрөшүп жатабыз. Үй-бүлөлү-кландык бийлик кайтып келбесин деп жатабыз. 2010-жылы 7-апрелде ушул үчүн балдар каза табышты", - деди депутат.
Ал митингге чыгуу ойлору болбогонун, бирок бийликтин кылганы аларга башка жол калтырбаганын белгиледи. Ал "биз бийликти тынч койбойбуз!" - деди.