Мурдагы президент Атамбаев Кыргызстандан эч кайда кетпей турганын Кой-Таштагы үйүнө топтолгондор менен сүйлөшүп жатып билдирди.

Айтымында, акыркы айларда бийлик аны ачыктан ачык эле өлкөдөн чыгарып жиберүүгө аракеттенген, бирок ал мекенин таштап кетпейт.

“Бул менин жерим, менин мекеним. Мен Кыргызстандан эч качан, эч кайда кетпейм”, - деп баса белгиледи ал.

 Ошондой эле ал Кыргызстан эч убакта кимдир бирөөнүн провинциясына айланбай турганын айтты. Ал белгилегендей, элди түндүк-түштүк кылып бөлгөн да эмес.

“Менин тарапташтарымдын арасында Баткенден, Оштон, Таластан жана Нарындан келгендер бар”, - деп кубанычын жашыра албады.