Президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси Айбек Азыранкулов Кой-Таш айылындагы мурдагы президент Атамбаевдин үйүнө барды. Ал ошол жердегилерге отставкага арыз таштаганын билдирди.
"Мен Алмазбек Атамбаевди толугу менен колдойм. Бардык нерсе мыйзам чегинде болушу керек. Элдин нааразычылыгы азыр күчөп жатат. КСДПда жүргөнүмө 13 жыл болду. Биз баарыбыз бир чоң команда болгонбуз", - деген ал отставкага кетүү менен өзүнүн жеке позициясын билдирип жатканын белгиледи.
Ал эми Атамбаев Жээнбековдун кеңешчиси өзүнүн командасына кошулганына кубанбай кое албады.
Ал президенттин кеңешчисинин кызматтан кетиши өлкөнүн туура эмес багытка түшкөнүн белгиси деп эсептейт.