Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев тарапташтарынын коопсуздугун камсыздап койгон. Ал бул тууралуу кечээ билдирди.
Айтымында, эгер күч органдары тарабынан чабуул болсо, мурдагы президенттин короосунда отурган көпчүлүккө зыяны тийбейт. Анткени, күч органдары башка жактан чабуул жасашат, ал эми эл такыр башка тарапта отурат.
"Тарапташтар үйдөн анча алыс эмес жерде отурушат. А күч органдарынын кызматкерлери башка жактан чабуул жасашат. Алар Атамбаев отурган жерге келишет. Мен дайыма карапайым адамдарды ойлойм, андыктан санааркабагыла. Азырп бүтүндөй өлкөнүн коопсуздугун ойлош керек", - деди ал.
Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестик макамын алган.