Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке Сооронбай Жээнбековду алып келгени үчүн гана эл алдында өзүн күнөөлүү сезет жана бул жаңылыштыгы үчүн жооп берүүгө даяр.
Атамбаев бул тууралуу кечээ билдирди.
Айтымында, калган айыптардын баары жалган, жалаа.
"Бүгүнкү бийлик такыр башка жол менен баратат, өлкөнү кайсы бир мафиялык кландын туткунунда калтырууну каалайт. Мен бир гана нерседен күнөөлүүмүн, Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгеним үчүн мени соттошсо болот. А калгандары жалган жалаа", - деди Атамбаев.
Атамбаевдин кол тийбестик макамы Жогорку Кеңеш тарабынан алынган.