Саясий туткундарды коргоо комитетинин Башкы прокуратуранын депутаттардын мурдагы президентке жапкан айыптарынын бирөөсүн негизсиз деп четке чыгарып койгонуна жаны ачууда. Комитет билдирүү таратып, башкы көзөмөл орган тарабынан болгондо да Атамбаевди депутаттарды, коомдук ишмерлерди куугунтукка алуу, сотторго жана ММКларга басым жасоо айыбынан актап жибергенине нааразы болушту.
"Башкы прокуратуранын пикири боюнча, бул иштердин баарына мурдагы президенттин катыштыгы бары далилдениши керек экен. А бирок, ал кишинин бийлиги учурунда мыйзамсыз көп соттук чечим кабыл алынган", - дейт комитет.
Ошондой эле, депутаттык атайын комиссиянын жыйынында Сарыгулов, Калматов, Талгарбеков, Асанов, Гусев тарабынан айтылган божомолдор УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев менен экс-башпрокурор Индира Жолдубаева камакка алынса далилденээрин белгилешти.
"Ошондутан саясий туткундарды коргоо комитети Атамбаевдин жалган жалаасынын курмандыгы болуп темир тор артына кеткен 25ден ашуун саясий туткунга карата акыйкаттуулук орноп, мыйзам чегинде чечим чыгарылышын талап кылган, талап кылат жана талап кыла берет!" - деп билдирди аталган комитет.