Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө топтолгон тарапташтары парламенттин чечимине нааразы. Алар парламенттин чечимин мыйзамсыз деп жатышат. 

 

Алар ал турмак парламенттин тарашын талап кылышты. Мындай мыйзамсыз чечим кабыл алууга жол берген бийликтин кереги жоктугун баса белгилешип, убагында ошол депутаттардын баары Атамбаевдин оозун карашып отурушканын да эске салышты. 

 

Ал жакта Элдик штаб да түзүлүп, депутаттарга билдирүү жасоого даярдык жүрүп жатканы да айтылууда.