Жогорку Кеңеш бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратты. Жыйында добуш берүү учурунда 109 депутат катталды, анын 103ү "макул" деген добуш берсе, калганы "жок" дешти. 

 

Ошондо эсеп боюнча он бир  депутат жыйынга катышкан жок. Тарыхый чечимге үн кошушпады. Алардын айрымдарынын кайда экенин билүүгө мүмкүнчүлүк болду. 

 

Зарылбек Рысалиев ооруканада. Батукаевдин бошотулушу боюнча ИИМге сурак берген күнү өзүн начар сезип ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер анын акыбалын бир топ күн оор катары баалап, андан соң эл өкүлү туруктуу оор абалга экенин айтышкан. 

 

Осмонбек Артыкбаев абакта. 

 

Бактыбек Сыдыков акы төлөнбөөчү эмгек эргүүгө чыкканы белгилүү болду. 

 

Чыныбек Турсунбеков колу бошобой калгандыктан жыйынга келе албай калган. Ал эми парламенттештери кабыл алган тарыхый чечим боюнча позициясын кийинчерээк билдирет. 

 

Руслан Казакбаев ден соолугун калыбына келтирип жатат. 

 

Ал эми депутат Мухтарбек Айнакулов атайын эле бүгүнкү жыйынга барбай коюуну чечкенин анын жоопторунан билүүгө болот. Айтымында, жыйынга барган учурда деле добуш бермек эмес, анткени кол тийбестикти мынчалык шашылыш алуу болбойт болчу. Атамбаев камалса, эл гана жабыркаарын белгилеген эл өкүлү андан эч кандай жыйынтык чыкпасын айткан. 

 

 

Келбей калган калган депутаттардын дайын дареги билинбейт, бир коңулда жашынып жаткан өңдүү....