Россиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышы боюнча билдирген пикирин "Вести" сайты жарыялады. 

 

Анда айтылгандай, Кремль аны  "өлкөнүн ички иши" катары баалаган. 

 

"Бул ар бир өлкөнүн өзүнө гана тийиштүү иши... Биз ага кийлигише албайбыз жана антүүгө кенедей да акыбыз жок. Мындай практикада ар бир өлкөнүн өзүнүн практикасы болушу мүмкүн, талкуулаштын кереги жок", - деген Песков. 

 

 

 Атамбаевдин кол тийбестигин алуу бүгүн расмий кабыл алынды. Депутаттык комиссия мурдагы президентке алты айып тагып, Башкы прокуратурага жиберген. Башкы прокуратура алты айыптын бешөөсүнөн оор кылмыштын белгилерин тапкан. Маселе бүгүн парламентке добушка коюлуп, 103 депутат "макул" деп добуш берген.