Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамын алуу боюнча маселеге добуш беришти. Бул жаатта атайын депутаттык комиссия түзүлүп, мурдагы президенттин мыйзамга каршы келген иш аракеттерин аныкташып, алты айып тагышып, Башкы прокуратурага жиберишкен. 

 

Башкы прокуратура депутаттар тарабынан тагылган алты айыптын бешөөсүнөн өзгөчө оор кылмыштын белгилерин тапкан. 

 

Добуш берүүнүн жыйынтыгында 103 депутат "макул" болуп, 6 депутат "каршы" деген добуш беришти. Жалпысынан 109 депутат катталган. 

 

"Алмазбек Атамбаев Конституцияны кармап ант берген. Эгер Куранга берген антынан тайса, анда Кудай алдында жооп берет. А эгер мыйзамды бузса, мыйзам алдында жоопко тартылат", - деди депутат Каныбек Иманалиев добуш берүүнү жыйынтыктап жатып. 

 

 

Ошентип, ушуну менен Кыргызстанда кол тийбестик макамына ээ болгон бир дагы мурдагы президент калбады.