Экс-президент билдирүү жасады. Ал Жогорку Кеңеште өзүнө каршы болуп жатканын нерселердин баарын президент Сооронбай Жээнбековдон көрдү.
“Парламентте эмне болуп жатканын көрүп атасыздарбы? Сооронбай Жээнбеков экс-президентти саясий каршылашы катары кабыл алды. Ал максатына жетиш үчүн мамлекеттик кызматтардын бардык ресурсун колдонот. Эң бир булганыч, эң бир коррупциялык өткөнү бар саясатчылар да тартылды, абийирге туура келбеген маалыматтык технология колдонууда”, - деди Атамбаев.
Ал мындай спектаклге катышуу ниети жоктугун белгиледи. Айтымында, жоопкерчиликтен коркпойт, бирок Жээнбековдор тарабынан жасалып жаткан мыйзамсыздыкты легалдаштырууга тарых алдында акысы жок. Экс-президент фантазия менен ушак кептерден кылмыш иши түзүлгөнүнө таң калганын жашырбады:
“Кылмыш иши ушак айың-кепке, фантазияга карата ачылат деп эч убакта ойлободум эле. Башкы прокурор бир күндүн ичинде болбогон нерсени ушунчалык эптүүлүк менен мыйзамдаштырып койду. Мени эч ким парламентке чакырган эмес. Анткени, чындыктан коркушат. Бул адамдар жийиркеничтүү иштерин жашырынып, коркоктук, саткынчылык менен жасоого көнүшкөн. Бажыда болуп жаткан тымызын иштердин бетин ачкан Кулматов менен Исаковду да отургузуп коюшту”, - деди экс-президент.
Ал эми Осмонбек Артыкбаев менен Шамиль Атахановдун өзүнө каршы берген көрсөтмөсү тууралуу буларды айтты:
“Алар басымдын алдында көрсөтмө беришкени билинип эле турат. Бул тергөө менен иштешүү эмес, өзүнүн абийири менен иштешүү болду. А абийирлери бирок жок болсо керек. Убакыт келет, кайсы бир күнү баарын Батукаев өзү баарын эркекче айтып берээрине ишенем. Ким аны өлүмгө жеткирчү дартка байланыштырган ишти уюштурган, ким бошоткон, ал үчүн ким канча акча алган – баары ачыкка чыгат”, - деди Атамбаев.
Андан ары экс-президент Россиянын президенти Владимир Путинди да кепке кошкон. Анын билдирүүсүнө караганда, орус президенти кыргыз экс-президентинин абалына көңүл бурат деген ишеним бардай.
“Бул боюнча Владимир Путин да өз сөзүн айтат деп үмүт кылам. Мен ага бир нече жолу оозеки да, кат жүзүндө да кайрылып, Батукаевди Кыргызстанга кайра экстрадациялоону өтүнгөм. Мен бийлигимдин акыркы мөөнөтүнө чейин Батукаев Кыргызстанга кайрадан алынып келинет деп үмүттөнгөм. Азыр бул фактыны кыргыз бийлиги айткысы келбей жатат”, - деди Атамбаев.