Мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов менен мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев экс-президент Атамбаевге каршы көрсөтмө беришкен. КСДП партиясы бул тууралуу комментарий беришкен жок.

 

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, Атамбаев бул боюнча көз карашын бөлүшө элек. Андыктан, анын кабарды кандай кабыл алганын билбейт.

 

“Депутаттык комиссия айыптоолорду ачыкка чыгарганда, Алмазбек Шаршенович анын баары сандырактык экенин айтты. Анын айтымында, ушундай кылуу менен бийлик Матраимовдун үй-бүлөсүнө бурулган коомчулукту көңүлүн алаксыткысы келет”, - деди Жолдубаева.