КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина Атамбаев ага да катуу сын айтканын, бирок ага карабай экс-президент бийлигин түз жана так жүргүзгөнүн белгиледи.
“Ооба, ал митингде катуу билдирүү жасады. Аллергорияларды келтирип, мени да сынга алды. Бирок, андан кийин кечирим сурады”, - деди депутат.
“Атамбаевдин бийлигинин учурунда саясий куугунтук болгон эмес. Кайсы бир жерден ал туура эмес кадамдарга барып койгону чын. Силер куугунтуктады деп айтып жатканыңардай. Бирок, кубалабаса эч иш да болмок эмес. Өлкө башчы жылмайып эле отура берсе да болбойт да”, - деп белгиледи ал.